Ош аба майданындагы күтүү залы 1500 чарчы метрге кеңейтилди

12:30, 03 августа 2018, Бишкек - 24.kg

Ош аба майданындагы күтүү залы 1500 чарчы метрге кеңейтилди. Бул тууралуу «Манас» эл аралык аэропортунун маалымат кызматы кабарлады.

Маалым болгондой, кошумча имаратты куруу аркылуу кеңейткен долбоор 2017-жылы башталган. Натыйжада аэровокзал бекетинин аянты 9250 чарчы метрге жетти. Бул саатына 600дөй жүргүнчүнү тейлөөгө мүмкүндүк түзөт.

Билдирүүлөргө таянсак, Ош эл аралык аба майданы жылына 9 миңдей каттамды, бир миллиондон ашык жүргүнчүнү тейлейт.