Өлкөдө Бизнес-акыйкатчы институту түзүлөт

12:17, 03 августа 2018, Бишкек - 24.kg

Кыргызстанда жергиликтүү ишкерлердин жана инвесторлордун укуктарын коргогон Бизнес-акыйкатчы институту түзүлөт. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, институт ишкерлерге юридикалык жактан жардам берүү менен бирге көзөмөл мекемелеринин жана бизнесмендердин ортосунда көпүрө болот.

Аталган демилгени премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев көтөрүп чыкты.