Кадамжай районунун 18 жаштагы тургуну изделип жатат

11:07, 03 августа 2018, Бишкек - 24.kg

Баткен облусуна караштуу Кадамжай районунун 18 жаштагы тургуну Жавохир Юлдашев изделип жатат. Бул тууралуу Баткен ОИИБнын басма сөз кызматы билдирди. 

Фото

Маалыматка таянсак, аталган райондун Үч-Коргон айыл аймагынын тургуну 1-август күнү өз үйүнөн чыгып кеткен боюнча кайрылып келген эмес.

Кийген кийимдери: кара түстөгү шым, боз сызыктары бар ак түстөгү футболка.

Байланыш телефондор.: 0 3655 102, 0772 666629, 0551 864786.