Бишкек-Кара-Балта жолун куруу маалында телефон линиялары жабыркады

11:00, 03 августа 2018, Бишкек - 24.kg

Бишкек-Кара-Балта жолун куруу маалында телефон линиялары жабыркады. Подрядчик күнөөнү мойнуна албай жатат. Бул тууралуу «24.kg» агенттигине Петровка айылынын тургундары билдиришти.

Маалыматка караганда, 30-июлдан бери стационардык телефон иштебей турат. Интернет менен уюлдук байланыш жакшы тартпайт. Жолдорду оңдоо маалында подрядчик «Кыргызтелекомдун» кабелдик линиясына зыян берген.