09:48, 03 августа 2018, Бишкек - 24.kg
Орусиянын Зеленоград шаарында кыргызстандык 43 жаштагы жаран каза тапты. Бул тууралуу Москва шаарындагы кыргыз диаспорасынын өкүлү Улан Кошматов билдирди.
Анын айтымында, Зеленоград шаарында 1975-жылы туулган А.Ө. менен бирге эс алып жаткан кишилер аны ур-токмокко алып, таштап кетип калышкан. Жолдо өтүп бара жаткандар тез жардам чакырып, аны шаардагы ооруканага алып барышкан. Жандандыруу бөлүмүндө 5 күн жаткандан кийин ал каза болду.
Маалым болгондой, бүгүн маркумдун сөөгү Москва—Бишкек багытындагы каттам менен жөнөтүлөт.