02:36
USD 88.85
EUR 94.81
RUB 0.95

Жети-Өгүздө 6 жашар кызды зордуктаган өспүрүм тергөө абагына киргизилди

Ысык-Көл облусуна караштуу Жети-Өгүз районунда 6 жашар кызды зордуктаган 16 жаштагы өспүрүм тергөө абагына киргизилди. Бул тууралуу «24.kg» агенттигине ОИИББнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, экспертизанын жыйынтыгы жаш кыз кылмышка шектүү тарабынан зордукталгандыгын көрсөттү.

«Учурда кыз ооруканада жатат. Ага психологиялык жана медициналык жардам көрсөтүлүүдө. Соттун чечими менен кылмышка шектүү тергөө абагына 2 айга камалды. Тергөө уланууда», — деп билдирди ОИИББ.

Эске салсак, аталган райондо 16 жаштагы өспүрүм кошуна 6 жашар кызды алдап үйүнө алып келип зордуктаган.

Эң көп окулган жаңылыктар