«Кыргыз почтасы» ишканасынын кызматкери мамлекетке келтирилген чыгымды төлөдү

09:02, 03 августа 2018, Бишкек - 24.kg

«Кыргыз почтасы» мамлекеттик ишканасынын Жалал-Абад шаардык филиалынын жооптуу кызматкери менчиктештирип алган 533 миң 100 сомду мамлекетке кайтарып берди. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБнын маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка таянсак, Жалал-Абад ШИИБнын кызматкерлери былтыр жол эрежелерин бузган 12 миңден ашуун айдоочуну каттоого алып,  тийиштүү протоколдорду түзүшкөн. Айдоочулар «Кыргыз почтасы» ишканасынын Жалал-Абаддагы филиалына 8 миң 174 айып протоколдун негизинде 5 миллион 25 миң 600 сом айып пул төлөшкөн. Калган айып пулдар банктар аркылуу мамлекетке төгүлгөн. Шаардык филиалдын жооптуу кызматкери 533 миң 100 сомун жеке кызыкчылыгына пайдалангандыгы аныкталды.  

Тергөө амалдары уланууда.