13:57
USD 89.51
EUR 96.93
RUB 0.97

Таш-Көмүр шаарында 55 жаштагы аял өзүнө бычак сайып каза болду

Жалал-Абад облусуна караштуу Таш-Көмүр шаарында 55 жаштагы аял өзүнө бычак сайып каза болду. Бул тууралуу «24.kg» агенттигине ОИИБдан билдиришти.

Маалыматка караганда, кызы менен уруша кеткен аял аны коркутуу үчүн бычакты курсагына матырып алган. Жабырлануучуну ооруканага алып келишкен, бирок ал каза болду.

Алдын ала алынган билдирүүгө ылайык, каза болгон аял окуя болгон маалда мас болчу.

Эң көп окулган жаңылыктар