03:37
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

«Ош-Тазалык» ишканасынын автобусу сүзүп кеткен киши каза болду

Ош шаарында көчөдө бара жаткан жөө жүргүнчүнү «Ош-Тазалык» ишканасынын автобусу сүзүп кетти. Бул тууралуу Ош ИИБдан билдиришти.

Маалыматка караганда, жабырлануучу ооруканага жетпей каза болду. Маркумдун өздүгү такталып, 53 жаштагы эркек киши жергиликтүү тургун экени аныкталды. 

Учурда тиешелүү экспертизалар дайындалып, тергөө иштери жүрүп жатат.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума