16:17, 02 августа 2018, Бишкек - 24.kg
Жалал-Абад облусунун аймагында күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.
Жердин силкинүүсү Кара-Көл шаарында, Токтогул районунун Көк-Бел айылында 3 баллга, Базар-Коргон районунун Арстанбап жана Косо-Терек айылдарында 2,5 баллга сезилген.
Алдын ала маалымат боюнча жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.