Бишкекте 2 жашар наристе ваннадагы сууга чөгүп кетти

15:40, 02 августа 2018, Бишкек - 24.kg

Бишкекте 2 жашар наристе ваннадагы сууга чөгүп кетти. Бул тууралуу маалымат жыйында ИИМдин коомдук коопсуздук кызматынын жетекчиси Улан Рысбеков билдирди.

Анын айтымында, Бишкектик тургунм сүлгү алып келүү үчүн баласын жуунучу жайга калтырып кеткен.

«Наристенин энеси уюлдук телефон менен отуруп калган шекилдүү. Жуунучу жайга келсе баласы эчак эле чөгүп каза болуп калган экен», - деди ал.