Адам өлүмү менен коштолгон жол кырсыгы. 3 киши жаракат алды

14:37, 02 августа 2018, Бишкек - 24.kg

Ош облусуна караштуу Ноокат районунун Катар-Терек айылында адам өлүмү менен коштолгон жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу Ош ОИИББдан билдиришти. 

Маалыматка караганда, кырсыктын кесепетинен 59 жаштагы айдоочу каза болуп, 3 киши ооруканага жаткырылды. Жабыркагандардын кичүүсү 8 жаштагы тестиер бала.

Билдирүүгө ылайык, «Тойота Превия» үлгүсүндөгү унааны Ноокат районунун 1961-жылы туулган тургуну А.Р. Ош шаарын көздөй башкарып бара жатып, «Фольксваген Гольф» үлгүсүндөгү унаа менен сүзүшкөн. Экинчи унаанын айдоочусу оор жаракат алып, окуя болгон жерде көз жумган.