22:12
USD 89.51
EUR 96.93
RUB 0.97

Ошто 22 жаштагы келиндин асынып турган денеси табылды

Ош облусуна караштуу Ноокат районундагы турак үйдөн 22 жаштагы келиндин асынып турган денеси табылды. Бул тууралуу Ош ОИИББдан билдиришти.

Маалыматка караганда, каза болгон жаран 1994-жылы төрөлгөн. Анын сөөгү өзү жашап жаткан үйдөн табылды. Тергөөчүлөр алдын ала текшерүүлөрдүн жыйынтыгы менен маркумдун денесинде күч колдонулган белгилер жок экенин айтышкан.

Ал эми туугандары менен жолдошу денени соттук-медициналык экспертизадан текшертүүдөн баш тартышты. Алдын ала маалыматтар боюнча, келин өз өмүрүнө кол салган. Анын аркасында 2 баласы калды.

Эң көп окулган жаңылыктар