22:05
USD 89.01
EUR 95.05
RUB 0.94

Текебаев Улуттук кардиология борборуна болгону 3 күндүк текшерүү үчүн жаткырылды

Камактагы мурунку депутат Өмүрбек Текебаев Улуттук кардиология борборуна болгону 3 күндүк текшерүү үчүн жаткырылды. Бул тууралуу «24.kg» агенттигине анын жактоочусу Таалайгүл Токтакунова билдирди.

Айтымында, текшерүүнүн жыйынтыгында медиктер бейтап стационардык дарыланууга муктажбы же жокпу чечим кабыл алышат.

«Өмүрбек Текебаевди кармоо шарттары түзөтүү колониясындагыдай эле. Аны бир канча конвоир кайтарып турушат. Ал бир кишилик бөлмөдө жатат», —деди жактоочу.

Эске салсак, мурунку депутат жемкорлукка айыпталып 8 жылга эркинен ажыратылган.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума