Иран ТИМи велосипедчендерге болгон кол салууну айыптап, аймактагы туруктуулукту сактоо үчүн терс көрүнүштөргө каршы күрөшүүгө көмөк көрсөтүүгө даяр экенин билдирди.
29-июлда өлкөнү велосипед менен жүргөн чет өлкөлүк туристтердин тобун Дангара районунун аймагында машине тебелетип кеткен. Андан Нидерланд менен Швейцариянын бирден жана АКШнын эки жараны мерт болуп, дагы үч чет өлкөлүк жабыркаган.
31-июлда Тажикстан ИИМи төрт туристтин өмүрүн алган чабуулдун артында «Ислам кайра жаралуу партиясы» жана Иран турарын билдирген.
«Ислам кайра жаралуу партиясы» бул айыптоолорду четке кагып, кол салууну айыптай турганын жарыялаган.