Ошто катуу шамал көп кабаттуу үйдүн чатырын учуруп кетти. Бул тууралуу ӨКМдан билдиришти.
Маалым болгондой, Спорт 1 көчөсүндө жайгашкан 5 кабаттуу үйдүн чатырын шамал учуруп, ал үйдүн алдында токтоп турган эки унаанын үстүнө түшкөн.
Кырсыкта адам өмүрүнө коркунуч келген эмес. Учурда тактоо иштери жүрүп жатат.