III Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндарына билеттер акысыз таркатылбайт

09:13, 02 августа 2018, Бишкек - 24.kg

III Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндарына билеттер бардыгы үчүн бирдей шарттарда сатылат. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынан билдиришти. Маалыматка караганда, билеттерди сатуу гана жүргүзүлөт, жарандардын белгилүү бир категориялары же чиновниктер үчүн акысыз негизде таркатуу пландалган жок.

Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов белгилегендей, билеттерди сатуудан түшкөн каражаттар Чолпон-Ата шаарындагы ипподромду колдоого жана аны мындан ары өркүндөтүүгө жумшалат.

Маалымат үчүн: 2018-жылдын 2синен 8-сентябрына чейин Ысык-Көлдүн жээгинде өтө турган III Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндарына билеттердин баасы 400дөн 4 миң 900 сомго чейин турат.