Бишкекте бүгүнтөн баштап № 2 троллейбустук каттам ишке кирет. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди. Коомдук унаа менен Аламүдүн-1 кичи районунан Фрунзе заводуна чейин каттоого болот.
Маалыматка таянсак, У.Салиева көчөсү оңдолуп жаткандыгына байланыштуу каттам убактылуу кыскартылып, Фрунзе заводу — Лермонтов, Жибек-Жолу аркылуу жүргүзүлөт.
Ошондой эле шаардык троллейбус башкармалыгы жолдор оңдолуп жаткандыгына байланыштуу 1-августтан баштап Манас проспектиси жабылып, № 11 троллейбустук каттам иштебей тургандыгын билдиришти.