Индонезияда өтө турган грек-рим күрөшү боюнча Жайкы Азия оюндарына Кыргызстандын атынан бара турган спортчулардын ысымдары белгилүү болду. Бул тууралуу күрөш федерациясынан билдиришти.
Маалыматка караганда, 18-августтан 2-сентябрга чейин өтө турган иш-чарага 6 балбан катышат. Аларды жетектеп башкы машыктыруучу Азат Эркимбаев барат.
Курама команданын тизмеси:
60 килограммга чейинки салмак ченинде Каныбек Жолчубеков;
67 килограммга чейинки салмак ченинде Амантур Исмаилов;
77 килограммга чейинки салмак ченинде Акжол Махмудов;
87 килограммга чейинки салмак ченинде Самат Шырдаков;
97 килограммга чейинки салмак ченинде Үзүр Жусупбеков;
130 килограммга чейинки салмак ченинде Мурат Рамонов.