Кыргызстанда бруцеллёз менен ооруган 383 киши каттоодо турат

15:51, 01 августа 2018, Бишкек - 24.kg

Жыл башынан бери Кыргызстанда 383 адам бруцеллёз менен ооруп калды. Бул тууралуу маалымат жыйынында Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын директорунун орун басары Ашырбай Жусупов билдирди.

Анын айтымында, бул көрсөткүч 2017-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 180 кишиге аз.

«Шарп, сибирь жарасы, бруцеллёз оорулары боюнча абал туруктуу. Кыргызстанда жарым жылдын ичинде 4 мал союучу цех курулду», — деди Ашырбай Жусупов.