Чүйдө изделип жаткан балдар табылды

14:57, 01 августа 2018, Бишкек - 24.kg

Чүйдө изделип жаткан балдар табылды. Бул тууралуу Чүй ОИИББнын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка караганда, 13 жаштагы Курманбек Алмазбек уулу жана 11 жаштагы Кутманбек Базарбаев Ысык-Көл облусунда өз энесинин жанында жүргөндүктөрү маалым болду.

Эске салсак, алар Чүй облусунда чоң энесинин колунда турушкан.