10:09
USD 88.85
EUR 94.92
RUB 0.96

Тилек Жээнбеков -Орто Азияда оор салмактуулар арасындагы эң мыкты спортчу

Эрежесиз мушташ боюнча балбан Тилек Жээнбеков -Орто Азияда оор салмактуулар арасындагы эң мыкты спортчу. Бул тууралуу «24.kg» агенттигинде өткөн маалымат жыйында Бүткүл дүйнөлүк кулатуу эр таймаш федерациясынын президенти Руслан Кыдырмышев билдирди.

«Тилек -эрежесиз мушташтын чемпиону. Ал Кореядагы жергиликтүү оор салмактагы спортчуну жеңип алды. Бул анын кесипкөй спортчу экендигинен кабар берет. Тилек Жээнбековдун жеңишине мыкты машыктыруучу Кенжебек Чекировдун салымы чоң. Жогорку деңгээлдеги даярдыктары менен чоң ареналардан көрө алабыз», —деди Руслан Кыдырмышев.

Эң көп окулган жаңылыктар