«Экстремисттик уюмдардын материалдары, белгилери жана атрибутикалары белгиленген тартип боюнча өчүрүлүп же жок кылынышы керек. Эгер өчүрүү мүмкүнчүлүгү болбосо, анда жарандардын аларга жетүү мүмкүндүктөрү чектелет», — деп жазылган мыйзамда.
Документке ылайык, бөгөт коюуну камсыздап бербеген интернет таркатуучу компанияларга карата чаралар көрүлөт. Ошол эле учурда мыйзамда жасаган ишине өкүнгөн экстремисттерди жоопкерчиликтен бошотуу дагы каралган.
«Экстремисттик ишмердүүлүккө катышуудан өз эрки менен баш тартып, бул тууралуу тиешелүү мамлекеттик органдарга кабарлаган адамдар мыйзам боюнча жоопкерчиликтен бошотулат», — деп белгиленген мыйзамда.