Чүй облусунда 13 жана 11 жаштагы балдар изделүүдө

11:21, 01 августа 2018, Бишкек - 24.kg

Чүй облусунда 13 жана 11 жаштагы балдар изделүүдө. Бул тууралуу Чүй ОИИБнын басма сөз кызматынан билдирди. 

Маалыматка ылайык, изделип жаткан балдар 30-июлда үйүнөн чыгып кеткен бойдон кайрылып келишкен эмес.

Курманбек Алмазбек уулунун өзгөчө белгилери: бою 145-, чачы кара, бетинде сепкили бар. Кийип жүргөн кийимдери: кара түстөгү футболка, көк түстөгү жынсы шым жана бутунда кара слансы.

Кутманбек Базарбаевдин өзгөчө белгилери: бою 140-. Кийип жүргөн кийимдери: майка, көк түстөгү чолок шым жана кара слансы кийип жүргөн.

Аламүдүн РИИБнын кызматкерлери изделип жаткан балдарды көрүп-билгендер болсо, байланышып коюуну өтүнөт. 0 (312) 36-35-27; 0 (701) 25-55-22.