Орхан Жемалдын каза болгонун Би-би-сиге «Иликтөөлөр борборунун» башкы редактору Андрей Коняхин менен журналисттин досу Максим Шевченко ырастады. Коняхин РБК басылмасына журналисттер Борбордук Африка Республикасына ишемби, 28-июлда барышканын айткан.
«Акыркы жолу алар менен 26-июль кечинде байланышка чыкканбыз. Азырынча аларга эмне болгондугунун чоо-жайын билбейбиз», — деди Коняхин.
Башка бир булак чыгармачыл топ баш калаа Бангиден башка шаарга баратканда өткөрмө бекетте токтотулганын билдирүүдө. Андан ары эмне болгону белгисиз. Курман болгондордун сөөктөрү аныкталды.