10:35, 01 августа 2018, Бишкек - 24.kg
Бишкек—Ош унаа жолунун 375-чакырымында жол кырсыгы катталып, кесепетинен 1 киши каза болду. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда кырсыкта 3 киши жеңил жаракат алды.
Окуя болгон жерге куткаруучулар барып, каза болгон адамдын жансыз денесин унаадан чыгарып ИИМдин кызматкерлерине өткөрүп беришти.