17:05
USD 89.01
EUR 94.71
RUB 0.94

Нарын жетекчилигине 1 484 киши арыз менен кайрылышты

Өкмөттүн Нарын облусундагы өкүлчүлүгүнүн аппаратына, райондук акимиаттарга жана шаардык мэрияга 1 484 арыздар жана оозеки кайрылуулар келип түштү. Бул туурасында облус жетекчилигинин маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, кайрылуулардын ичинен 280и социалдык маселелерге байланыштуу. Мындан башка 442 кайрылуу айыл-чарба, экономикалык маселелерге, 270 материалдык жактан жардам берүүгө тиешелүү.

Билдирүүгө ылайык, жергиликтүү бийликке даттанган 518 тургундун маселеси чечилген.

Эң көп окулган жаңылыктар
18-апрель, бейшемби