09:31, 01 августа 2018, Бишкек - 24.kg
Өкмөттүн Нарын облусундагы өкүлчүлүгүнүн аппаратына, райондук акимиаттарга жана шаардык мэрияга 1 484 арыздар жана оозеки кайрылуулар келип түштү. Бул туурасында облус жетекчилигинин маалымат кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, кайрылуулардын ичинен 280и социалдык маселелерге байланыштуу. Мындан башка 442 кайрылуу айыл-чарба, экономикалык маселелерге, 270 материалдык жактан жардам берүүгө тиешелүү.
Билдирүүгө ылайык, жергиликтүү бийликке даттанган 518 тургундун маселеси чечилген.