Казакстанда жүк поезди рельстен чыгып кетти

15:22, 31 июля 2018, Бишкек - 24.kg

Жамбыл облусунда жүк поездинин вагондору рельстен чыгып кетип, жүргүнчү поезддердин жолу бөгөлдү.

«Казакстан темиржолу» мамлекеттик компаниясы билдиргендей, жүк поезди 31-июль күнү эртең менен Кашкантеңиз-Жастар өтмөгүнүн Мойынты-Шыганак бөлүгүндө рельстен чыгып кеткен. Жабырлануучулар жок.

Жүргүнчү поезддер үчүн жол Астана убактысы боюнча 18:00дө ачылары кабарланууда.

Алдын ала маалыматтарга караганда, жүк вагондорунун рельстен чыгуусуна бир вагондун капталындагы алкагынын сынып кетиши себеп болгон. Окуяны иликтөө үчүн атайын комиссия түзүлдү.