Орусиянын Москва облусунда жайгашкан Люберцы шаарында курулушта иштеген кыргыз жана өзбек жарандарынын ортосунда жаңжал чыкты. Кесепетинен бир кыргыз жараны каза болду. Мындай маалыматты Кыргыздын Орусиядагы элчилиги тастыктады.
Билдриүүгө ылайык, соттук-медициналык экспертизанын алдын ала айтылган маалыматы боюнча, кыргызстандык жаран бийиктиктен кулап каза тапкан.
Окуяга тиешеси бар делип кыргызстандык 4 жаран жана Өзбекстандын 10 жараны кармалып, сурак берүүдө.