Кыргыз-өзбек жаңжалы. Орусияда 1 кыргызстандык каза тапты

14:49, 31 июля 2018, Бишкек - 24.kg

Орусиянын Москва облусунда жайгашкан Люберцы шаарында курулушта иштеген кыргыз жана өзбек жарандарынын ортосунда жаңжал чыкты. Кесепетинен бир кыргыз жараны каза болду. Мындай маалыматты Кыргыздын Орусиядагы элчилиги тастыктады.

Билдриүүгө ылайык, соттук-медициналык экспертизанын алдын ала айтылган маалыматы боюнча, кыргызстандык жаран бийиктиктен кулап каза тапкан.

Окуяга тиешеси бар делип кыргызстандык 4 жаран жана Өзбекстандын 10 жараны кармалып, сурак берүүдө.