10:21, 31 июля 2018, Бишкек - 24.kg
Кыргызстандын Башкы прокуратурасы Беларусь Республикасында качып жүргөн мурунку премьер-министр Данияр Үсөнов тууралуу түшүндүрмө берди.
Маалыматка караганда, 2017-жылдын 14-декабрында Башкы прокуратура Беларусь Республикасына атын Даниил Урицкий деп өзгөртүп алган Данияр Үсөновду издөө жана кармоо боюнча чара көрүүнү өтүнүшкөн.
Март айында Кыргызстандын Башкы прокуратурасы кесиптештерине Данияр Үсөновду кайтарып берүү тууралуу билдирүү жөнөтүшкөн. Бирок, экинчи тарап аны экстрадиция кылуудан баш тартышууда.
Эске салсак, Данияр Үсөнов 2010-жылдагы 7-апрель окуялары боюнча сырттан соттолгон. Ага карата өмүр бою эркинен ажыратуу өкүмү чыгарылган.