Нарында 67 гектар жер чегирткеден тазаланды

10:10, 31 июля 2018, Бишкек - 24.kg

Нарын облусунун Ак-Талаа, Ат-Башы, Жумгал, Нарын райондорунун 67 миң 278 гектар жери чегирткеге каршы дарыланды. Бул тууралуу ӨКМ маалымдайт.

Белгилей кетсек, аталган аймактын жайыттарында жана талааларында пайда болгон чегиртке, курт-кумурскалардан өсүмдүктөрдү коргоо максатында 13-июнь күнү облустук ЖК комиссиясынын кезексиз отуруму өткөрүлүп, комиссиянын 2018-ж.13.06. № 7 протоколунун негизинде «Өзгөчө кырдаал» режими киргизилгендигин эскертет.