Нарында психикалык жактан жабыркаган жаранга айдоочулук күбөлүк берилген

10:04, 31 июля 2018, Бишкек - 24.kg

Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү кызматы психикалык жактан жабыркаган жаранга айдоочулук күбөлүк берилгендиги тууралуу фактынын бетин ачышты. Бул тууралуу аталган кызматтан билдиришти.

Маалыматка караганда, 2016-жылдын октябрында Нарын облусуна караштуу Жумгал районундагы үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун кызматкерлери менен унаа каражаттарын жана айдоочулардын курамын каттоо департаментинин жооптуу кызматкерлери Чаек айылынын тургунуна BC категориясындагы айдоочулук күбөлүк беришкен.

Бирок, айдоочу 2015-жылдан бери акылы кем жана эпилепсия диагноздору менен диспансердик каттоодо турган.