Скутер көлгө түшүп жүргөн аялды сүзүп алды деген маалымат чындыкка туура келбейт

09:30, 31 июля 2018, Бишкек - 24.kg

Ысык-Көл облусунда скутер көлгө түшүп жүргөн аялды сүзүп алды деген маалымат чындыкка туура келбейт. Бул тууралуу ОИИББ билдирди.

Маалыматка ылайык, жабырлануучу аял парашют менен учуп, жерге конордо сууга кокусунан туура эмес түшүп алган. Ал дароо ооруканага жеткирилип, алгачкы жардамдарды алды.

Эске салсак, Таш-Көмүр шаарынан келген 50 жаштагы С.Р. жана 51 жаштагы К.Ж. аттуу эже-сиңди парашют менен учушкан. Жабырлануучу аталган окуяны кокустук деп арыз жазуудан баш тартты.

Окуя Ысык-Көлдөгү «Мүрөк» пансионатында болгон.