05:23
USD 89.47
EUR 96.56
RUB 0.97

Баткен-Исфана унаа жолунда кырсык катталып, кесепетинен 1 киши жабыркады

Баткен-Исфана унаа жолунда кырсык катталып, кесепетинен 1 киши жабыркады. Бул тууралуу «24.kg» агенттигине Баткен ОИИББсы билдирди.

Маалыматка караганда, Audi 100 унаасы курулуш техникасын сүзүп алган. Кесепетинен Жалал-Абад облусунун 29 жаштагы тургуну жабыркаган. Экспертизанын жыйынтыгы боюнча ал кырсык маалында соо абалда болгон.

Укук коргоо органдарынан билдиришкендей, унаанын айдоочусу чек ара кызматынын аскер кызматкери. Ал аймактык ооруканага жаткырылды.

Эң көп окулган жаңылыктар