Айтматов проспектисинин бир бөлүгү унаа кыймылы үчүн жабылат

08:50, 31 июля 2018, Бишкек - 24.kg

Бишкекте оңдоо иштерине байланыштуу Айтматов проспектисинин бир бөлүгү унаа кыймылы үчүн жабылат. Бул тууралуу мэриянын алдындагы капиталдык курулуш башкармалыгы билдирди.

Маалыматка караганда, Ахунбаев менен Ажыбек Баатыр көчөлөрүнүн ортосунда асфальт төшөлүп, тосмолор алмаштырылат.

Оңдоо иштери 12-августка чейин уланат.