Кыргызстандык мушкерлер тай боксу боюнча дүйнөлүк чемпионатта 2 медаль утушту

17:55, 30 июля 2018, Бишкек - 24.kg

Кыргызстандык мушкерлер тай боксу боюнча студенттер арасында өткөн дүйнөлүк чемпионатта 2 медалдын ээси болушту. Бул тууралуу аталган спорттун түрү боюнча федерациядан билдиришти.

Маалыматка караганда, эркектер арасында 11 салмак категориясы боюнча беттеш болду. салмак ченинде Арген Керимбеков коло медалды багындырса, салсак ченинде Бекжан Матысаев күмүш медалдын ээси аталды.

Спорттук иш-чара 23-29-июль күндөрү Тайландда өттү.