Кыргызстандык спортчулар теннис боюнча эл аралык турнирде чемпион аталышты

17:08, 30 июля 2018, Бишкек - 24.kg

Кыргызстандык спортчулар теннис боюнча эл аралык турнирде чемпион аталышты. Бул тууралуу Улуттук олимпиадалык комитеттен билдиришти.

Мелдеш Азербайжандын Баку шаарында өттү. Ага 15 өлкөдөн келген 55 спортчу катышты.

Кыргызстандын атынан Ксения Палкина жана Саара Кунакунова ат салышып, жуптук сынакта чемпион аталышты. Ал эми жалгыз ойноо боюнча Ксения Палкина 2-орунду, Саара Кунакунова 3-орунду ээледи.