Казакстанда базардагы күркөлөрдүн бузулушуна каршылык билдиргендер кармалууда

17:03, 30 июля 2018, Бишкек - 24.kg

Бүгүн Шымкент шаарындагы «Орталық Қырғы базарынын» кире беришиндеги ондогон соода жайлары бузула баштады. Алар өткөн аптада сот тарабынан мыйзамсыз курулган деп табылган.

Күркөлөрдү сот аткаруучулардын коштоосунда келген жумушчулар бузуп жатышат.

Соода жайларын алуу маалында каршылыгын билдирген беш-алты соодагер кармалды. Алар шаардын Аль-Фараби райондук ички иштер бөлүмүнө жеткирилгени айтылууда.

Эртең менен чогулган ондогон ишкер сот аткаруучулардан жаңы соода жайын таап алууга убакыт сурап, 34 күркөнү кийинчерээк бузууну өтүнүшкөн.

Бирок сот аткаруучулар күркөлөрдү бошотуу үчүн соодагерлерге бир саат убакыт берип, каршылык көрсөткөндөр беш суткага административдик камакка алынып же айыппул төлөй турганын эсертишкен.