Ысык-Көлдөгү жол кырсыгы. 1 киши набыт болду

16:21, 30 июля 2018, Бишкек - 24.kg

Ысык-Көл облусунун Тоң районунда жол кырсыгы катталып, кесепетинен бир киши каза болуп, беш киши жаракат алды. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Тоң районуна караштуу Ак-Өлөң айылынын тушунда Ауди-100 жана Жигули үлгүсүндөгү эки унаа сүзүшкөн. Кырсыктын кесепетинен 1960-жылы туулган Я.Т. аттуу киши каза болуп, 5 жүргүнчү жаракат алды.