Ош облусуна караштуу Араван районунда 15 жашар окуучу муунуп каза болду. Бул тууралуу «24.kg» агенттигине ОИИБдан билдиришти.
Маалыматка караганда, өспүрүм өлүм алдында эч кандай кат таштаган эмес.
«Каза болгон баланын ата-энеси Орусияда иштешет. Ал үч бир туугандын кичүүсү болчу. Балдар чоң атасынын колунда тарбияланып жатышкан», -деп билдиришти ОИИБдан.
Маалым болгондой, окуучунун мектепте жана үйүндө эч кандай көйгөйү жок болчу. Кырсыктын чоо-жайы иликтенүүдө.