Чет өлкөдөн келген препараттар менен бирге жергиликтүү фармакологиялык ишканалардын өнүмдөрүнүн наркы дагы өстү.
Буга чейин дары-дармектердин баасы быйыл май айында жогорулаган. Түркмөнстандын түндүгүндө алардын наркы үч эсеге чейин кымбаттаган.
Көз карандысыз байкоочулар Түркмөнстанда баалардын өсүшүн доллардын курсунун жогорулашы менен байланыштырышууда. Ошол эле маалда чет өлкөлүк валютанын расмий курсу өзгөргөн жок — 1 АКШ доллары 3,5 манат бойдон турат.