Адам сатуунун курмандыктары: аялдар жана жаш балдар

10:41, 30 июля 2018, Бишкек - 24.kg

Серепчилердин маалыматына караганда, чет жерге иш издеп кеткен кыргызстандыктардын басымдуу бөлүгү айылдаштары, достору жана туугандарынын айынан адам сатуунун курмандыгы болушат. Бул тууралуу илимий-практикалык маалымат жыйында белгилүү болду.

2002-жылы Кыргызстан адам сатууга каршы күрөшүү тууралуу мыйзамды кабыл алган.



«Эл агартуу» коомдук бирикмесинин өкүлү Нуржан Түлөгабылованын айтымында, адам сатуу көйгөйү Кыргызстанда абдан актуалдуу.

«Адамдарды сатуу курал-жарак сатуудан кийинки кирешелүү бизнес болуп саналат. Акыркы жылдары бизге кайрылгандардын саны өстү. Негизинен адам сатуунун курмандыгы болуп аялдар менен балдар саналат», — деди Нуржан Түлөгабылова.