Комсомол көлүнө 18 жаштагы жигит чөгүп кетти

10:11, 30 июля 2018, Бишкек - 24.kg

Бишкек шаарындагы Комсомол көлүнө 18 жаштагы жигит чөгүп каза болду. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Комсомол көлүнө 18 жаштагы А.Б.А. аттуу бала чөгүп кетип, анын жансыз денесин куткаруучулар туугандарына өткөрүп беришти.