Кыргызстандык балбан Айсулуу Тыныбекова Түркиянын Стамбул шаарында өткөн «Яшар Догу» эл аралык мелдешинде күмүш медалдын ээси болду.
Маалыматка караганда, балбан кыз 62 килограммга чейинки салмак ченине күч сынашып, Тунистик спортчу Фатма Иноублини 11:0 эсебинде уткан. Мындан тышкары германиялык азербайжандык спортчуларды жеңди.
Ал эми финалдык беттеште болгариялык Тайбе Яссейн менен күч сынашмак эле, бирок белгисиз себептерден Айсулуу Тыныбекова килем үстүнө чыкпай күмүш медалды тагынды.