Курман айт 21-августка белгиленди

15:58, 27 июля 2018, Бишкек - 24.kg

Курман айт 21-августка белгиленди. Бул тууралуу муфтият билдирди.

Бирок, бул бир күнгө жылышы мүмкүн. Мусулмандар дин башкармалыгы акыркы датаны айдын чыгышына карата 15-августтан кийин так айтмакчы.

Белгилей кетсек, быйыл Орозо айт 15-июнда болду. Орозодон кийин 70 күндөн кийин Курман айт белгиленет. Эмгек кодексине ылайык ал күнү эс алуу болуп эсептелет.

Ал эми Меккге зыяратка баргандардын алдынкы үч тобу Медина шаарына жетишти. Жалпысынан 7-августка чейин Сауд Аравияга 18 учак каттамы пландалган. Зыяратчылар сентябрда кайра кайтышат.