Өкмөт үч түрмөнү жапты

12:07, 27 июля 2018, Бишкек - 24.kg

Жаза аткаруу мамлекеттик кызматына тиешелүү үч жатак-абагы жабылат. Бул тууралуу токтомго премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койгондугун өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Бишкектин Орозбеков көчөсүндө жайгашкан № 35-жатак-абак, Чүйдүн Ново-Павловка айылында жайгашкан № 37-жатак-абак жана молдовановка айылындагы № 48-жатак-абактар расмий түрдө ишин токтоткон.

Эске сала кетсек, буга чейин аталган кызмат бул жатак-абактардагы соттолуучулардын санынын кескин аздыгынан улам, ал ал мекемелерди инвесторлорго сунуштап, өндүрүш ишканаларына айлантуу сунушун берип келген.