Ошто мейманканада аялдын сөөгү табылды

10:53, 27 июля 2018, Бишкек - 24.kg

Ош шаарынын Масалиев проспектисинде жайгашкан «Ак-Тилек» мейманканасында 30-35 жаштагы аялдын сөөгү табылды. Бул тууралуу ИИБсы билдирет.

Маалыматта 30-35 жаштагы аялдын сөөгү 26-июлда табылгандыгы айтылат. Аял кекиртегине сайылган учту нерседен каза болгондугу белгиленет.

Кылмышка шектүү катары Өзбекстандын 23 жаштагы жараны кармалды. Ал жасаган кылмышын моюна алып, тиешелүү кѳрсѳтмѳлѳрдү берүүдѳ.