Чүйдө талаада өрт чыгып, трактор күйүп кетти

10:52, 27 июля 2018, Бишкек - 24.kg

Чүй облусунун Москва районунун Беловодск айылынын Широкий капчыгайында өрт чыкты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги маалымдайт.

Алардын билдирүүсүндө, 26-июль күнү болгон өрттө 1 гектар арпа жана бир трактор күйүп кетти. Тилсиз жоонун себептери такталууда.

Өткөн суткада 28 өрт кырсыгы катталды.